Президент Садыр Жапаров 24-майда Москвага барат

Президент Садыр Жапаров 24-майда II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышуу үчүн Москвага барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров 24-майда, Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле, 25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги бир катар актуалдуу маселелерди талкууланат.

“ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалган”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.