Мал-жандыкка салык киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Жогорку Кеңеште мал-жандыкка салык киргизүүнү караштырган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам долбоорун депутат Жеңишбек Токторбаев иштеп чыккан.

Ага ылайык, 40 кой-эчки, 3 бодо мал жана 2 жылкыдан көп мал кармаган малчылар мал-жандык үчүн салык төлөйт. Алар жылына бир жолу 1 кой-эчки үчүн 100 сом, 1 бодо мал (уй-бука, топоз) үчүн 250 жана 1 баш жылкы үчүн да 250 сом төлөй турганы каралган.

Мал-жандык үчүн салык төлөгөндөр жайыт пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат. Чогулган салык жергиликтүү бюджетке түшөт.

Буга чейин Жеңишбек Токторбаев мал-жандыкка салык киргизүү сунушун Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыккан болчу.