Дайырбек Орунбеков: Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок

Президент Садыр Жапаровдун маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков журналист Кадыр Кошалиевдин ыйгарым укуктары боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу ал 22-майда Фейсбук барагына жазды.

photo 5431865918759226284 y Дайырбек Орунбеков: Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок

Ал Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок  экиндигин билдирди.

“Элдик курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен шайланат. Демек, Элдик курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары дагы аяктайт. Кийинки Элдик курултайда делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат. Андыктан, Элдик курултайдын төрагасы ар бир кезектеги курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз”, – деп жазган Орунбеков.

Орунбеков Кошалиевдин журналист катары мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев менен болгон маектери “өзүнүн тандоосу, кесиптик изденүүсү” деп саналарын, алар мамлекеттик маалымат каражаттарынан көрсөтүлбөгөнүн белгилеген.

Үстүбүздөгү жылдын 20-майда Биринчи курултайдын Талас облусу боюнча делегаттары жыйын өткөргөе. Анда Кошалиевге курултайдын төрагасы катары ишеним көрсөтпөө тууралуу протокол кабыл алынган.