Салык кызматы: Ишкерлер май айынан баштап эсеп-фактураларды берүүгө милдеттүү

18-майда Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн расмий сайтында 2023-жылдын май айынан тарта ишкерлер, анын ичинде жеке ишкерлер жана патент ээлери электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) колдонуусу керектигин жарыялады.

Салык кызматында эскертилген мындай талаптар Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги токтомунда жазылган.

«Бардык салык төлөөчүлөр Салык кызматынын маалымат системасында каттоодон өтүп, ЭСФ берүүгө милдеттүү», – деп айтылат маалыматта.

Эгерде ЭСФ берилбесе, ишкерлерге жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып салынат. Биринчи мыйзам бузуу үчүн салык же камсыздандыруу карызы жок болсо, 30 күндүн ичинде айыпты төлөө үчүн жеңилдик 70% түзөт.

Салык маалыматына ылайык, ЭСФти колдонуу өз ишинде контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон жана патенттин негизинде салык төлөгөн же жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган бирдиктүү салыктын негизинде нөлдүк ставканы колдонгон ишкерлерге жайылтылбайт.