Чек ара кызматы: «Достук» тозотундагы ок атышуу токтоду

Бүгүн, 14-сентябрда саат 14:00дөрдө башталган Баткен районунун Как-Сай жергесиндеги ок атышуу токтоду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Ок атышуу саат 14:40та токтогон. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүүлөрдү улантууда.