Ок атышууда эки жоокер жараат алды

Бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы жергесинде чыккан чек ара чырында кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Мина аткычтан чыгарылган снаряддын жарылышынан бир аскерге минанын сыныгы тийип өткөн, бири контузия алган.

Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.