Тажикстан «Достук» тозотуна ок чыгарды

Тажикстан Баткен районундагы «Достук»  тозотуна карай ок чыгарды. Учурда атышуу уланууда.

Чек ара кызматынан билдиргендей, 14-сентябрь саат 14:00гө карата Баткен районунун Как-Сай жерлигинде коңшу өлкөнүн чек арачылары «Достук» чек ара заставасын көздөй ок чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары жооп кайтарып ок чыгарышкан.

Эске салсак, бүгүн эртең мененки саат 8:00 чамасында Баткен районунун Булак-Башы аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылган.

Ага коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлери мурда макулдашылган, тактала элек тилкеге кирип келгени себеп болгон. Кийинчерээк кыргызстандык аскерлердин чыгып кетүү талабына баш ийбей, ок чыгарышкан.

Эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланып жатат. Бирок, абал чыңалуу деп мүнөздөлүүдө.