“Сиздин ким экениңизди эл билет”. Жеңишбек Токторбаев Азимбек Бекназаровго жооп берди

Депутат Жеңишбек Токторбаев 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча өз пикирин айтып, ЖКнын жалпы жыйынында сөз сүйлөдү. Депутат өз сөзүндө бир нече күн мурун Азимбек Бекназаров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баатыр наамын мыйзамсыз алганын айтканы тууралуу пикири менен бөлүшүп, Бекназаровго жооп кайтарды.

«Урматтуу Азимбек аке, сиздин ким экениңизди эл билет. Капа болбоңуз, көрө албастык кылбаңыз. Жалаанын да чеги бар.

Камчыбек Ташиев 12 жыл мурун «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын эл тарабынан алган. Баардыгы ал кезде ким өзүн кандай алып жүргөнүн, ким качып кеткенин жакшы билишет.

Ал жакка баралы, элди чогултуп, Ташиев качып кеттиби деп сурайлы, мен ошол жерде болчумун, Бекназаровдун өзүн бир гана жолу көргөм… Жансакчалардын коштоосунда келген. Биз аны кайра көргөн жокпуз», — деди депутат.