Кара-Кечеде абал тынч, жумуш штаттык режимде жүрүп жатат

Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын басма сөз кызматынан окуянын чоо-жайы тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Кара-Кечеде абал тынч, жумуш штаттык режимде жүрүп жатат.

“Бул окуя бир нече күн мурун болгон. Маалыматтар боюнча, “Альфанын” кызматкерлери менен айдоочуларды уруштуруу максатта үчүнчү күчтөр чагымчылдык аракеттерди жасашкан. Деталдуу түрдө маалыматтарды алуу үчүн УКМКнын маалымат кызматынан алсаңыздар болот”, – деп айтылат маалыматта.