Бетон тосмону сүзгөн: Нарындагы жол кырсыгынан бир адам көз жумду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

269855488 283783317127735 3994756197714114428 n Бетон тосмону сүзгөн: Нарындагы жол кырсыгынан бир адам көз жумду

Маалыматка ылайык, 23-декабрга караган түнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында «Skoda Octavia» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, дагы бирөө жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.