Сузак районундагы 9 жаштагы Сумаяны өлтүргөн адам кармалды

ИИМ: Сузак районундагы 9 жаштагы Сумаяны өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
2021-жылдын 18-ноябрында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун тургуну 1984-жылы туулган С.У. ошол эле күнү саат 12:40 чамаларында кызы 2012-жылы туулган Сумая Хосилжанова үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.


Дайынсыз болуп жаткан Сумаяны издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, 250 элдик кошуун жана коомчулуктан 150 ыктыярчы тартылып, Сузак айылынын 8540 кожолук, курулуп бүтпөй кароосуз калган 14 имарат, кароосуз калган 25 гараж, Жалал-Абад-Сузак каттамында каттаган 6 маршруттук таксилер жана 78 жеке таксилер текшерүүгө алынган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларында да издөө иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле, 29 видеокамералар текшерилген. Бирок Сумая бир дагы видеокамерага түшкөн жери такталбаган.
Сумаяны издөө иштери Жалал-Абад шаарынын аймагында да улантылган. Сузак РИИБдин жана элдик кошуундар тарабынан курулушу бүтө элек, кароосуз калган 19 имарат жана 22 гараж текшерилген. Анын сүрөтү менен изделип жаткандыгы тууралуу маалыматтар башка аймактарга да илинген.


Ал эми, 2021-жылдын 27-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында Сузак РИИБге, балык уулап жүргөн Сузак районунун тургуну 1967-жылы туулган А.Р. телефон аркылуу чалып, ал Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган. Айтылган дарекке Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу, Сузак РИИБдин начальниги жана орун басарлары, райондун прокурору жана РИИБдин ыкчам-тергөө топтору барышкан жана суунун жээгинен 3-4 метр аралыкта жаткан болжолу 8-12 жаштагы кыз кишинин жансыз денеси үстүндө кийимдери жок абалда табылган.
Окуя болгон жерде жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, оор жаракаттар жана дене мүчөлөрүнүн сынуусу байкалбаган. Ошондой эле жансыз дене дайынсыз болуп изделип жаткан Сумая Хосилжанова экендиги аныкталган.
Алгач бул факты Сузак РИИБинде табылган өлүк болуп катталган. Текшерүү, иликтөө иштеринин натыйжасында бул факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү бардык соттук-медицианлык экспертизалар дайындалган.
Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткендигин, аны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып салгандыгын жана анын кийим-кечектерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген. Учурда толугу менен тергөө, иликтөө амалдары амалдары жүрүүдө.


Аталган кылмышка шектүү 1973-жылы туулган У. А. Сузак районундагы айылдардын биринде жашап жүргөн. Он жыл мурда үй-бүлөсү кетип калгандыгы жана ал үйүндө жалгыз жашап жүргөндүгү такталды. Тергөөнүн жүрүшү менен Жалал-Абад ОИИБнын Басма сөз кызматы аркылуу кошумча маалыматтар берилет.

ИИМдин Басма сөз кызматы