Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына мастер-класс көрсөттү

Дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына келди. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

MyCollages 64 2 Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына мастер-класс көрсөттү

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-декабрда UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына барды. Мушкерди Ош ОИИБдин саптык аянтчасында туу көтөрүү менен өздүк курам салтанаттуу тосуп алды.

Аталган аземдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Гимни аткарылып, андан соң Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов сөз сүйлөп, белектерди тапшырды.

267885788 1599586180390080 6971367377846465309 n Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына мастер-класс көрсөттү

Өз сөзүндө Валентина Шевченко милиция кызматкерлери менен жолукканына кубанып, аларга ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле спортчуга арналган салтанатуу азем саптык жүрүш менен аяктады.

267940541 1599584817056883 4286739890431548082 n Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына мастер-класс көрсөттү

Андан соң башкармалыктын спорт залында дүйнө чемпиону өздүк курамга масстер-класс көрсөтүп өттү.