Бишкекте жасалма номер тагылган автоунаанын айдоочусу кармалды

Бишкекте жасалма номер тагылган автоунаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, Ибраимов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Honda Inspire автоунаасын токтотушкан. Автоунаанынын керектүү документтерин текшерген учурда 2001-жылы туулган Х.Э. аттуу айдоочунун унаасынын мамлекеттик номери жасалма экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча укук бузуулар жөнүндө кодексинин 449-беренесинин негизинде тийиштүү протокол түзүлдү.

Автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочуга 15 миң сом айып салынып, жасалма номери алынды.