Тажикстандан бензовоздордо аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу каражаттары ташылып жатат деген маалымат жана видео жалган

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2021-жылдын 14-декабрында маалымат айдыңдарында Тажикстандан Кыргызстанга оор жүк ташуучу бензовоздордо аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу каражаттары ташылып жатат деген маалымат жана видео чындыка дал келбестигин маалымдайт.

2021-жылдын 13-декабры “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомуна таандык цистерналары менен 7 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары (бензовоздордор) Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка айылына келишкен. Алар убакытты үнөмдөө максатында Баткен шаары-Самаркандык айылы-Маргун калктуу конушу маршруту аркылуу Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ААК филиалына Лейлек районунун Арка айылындагы нефтебазадан чийки концентраттарды ташып кетүү үчүн келишкен.

Эртең 2021-жылдын 15-декабры бензовоздор Исфана жана Баткен шаарлары аркылуу Жалал-Абад шаарына жол тартмакчы, мындан тышкары Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ААКнын филиалына дагы кошумча 11 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары жолго чыгуусу пландаштырылууда.

Автранспорт каражаттары жана андагы жүктөрдүн баардыгы каттоодон өткөн.

2021-жылдын 1-мартындагы министрлер Кабинетинин Токтомунун негизинде нефт жана нефтазыктары ЕАЭБдин аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу чектөө коюлган.

Контрабандалык ишмердүүлүкө бөгөт коюу максатында мамлекеттик чек аранын айрым аймактарында ыктыярдуу элдик кошуундун жана компетентүү органдын кызматкерлери менен биргеликте мобилдик топтор иш алып барышууда.

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын ушул сыяктуу маалыматтар менен коомчулуктун башын айландырбай тиешелүү органдардан такталган маалыматтарды алууга чыкырат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.