Ошто «Азаттык» партиясынын митингине студенттерди мугалимдер алдап алып келишкен

Ош шаарында 4-ноябрда өткөн «Азаттык» партиясынын митингине катышкан студенттер тууралуу маалымат:

Мугалимдер административдик ресурсту пайдаланып 18 жашга толо элек студенттерди алдоо жолу жана буйрук менен мыйзамсыз аянтка митинге алып келишкен Кечээ күнү, 4-ноябрда айрым жарандар тарабынан интернет булактарында Ош шаарынынын борбордук аянтына «Азаттык» партиясы тарабынан Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенттери өз эркинен сырткары үгүт иштери үчүн митинге алынып келингендиги тууралуу маалыматтар жарык көргөн. Бул маалыматты текшерүү үчүн митинге катышкан студенттер менен мугалимдер Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген.

Алардын баарынын жашы 18ге толо элек, паспорт ала элек болушкан. Алар өз көрсөтмөлөрүндө айрым агайлары тарабынан административдик ресурсту пайдаланышып, «экскурцияга барабыз» деп алдап, Ош шаарынын борбордук аянтына, «Азаттык» партиясынын митингине алып келгендигин айтышып, мугалимдерине карата көрсөтмө беришкен.

Жалпысынан 8 мугалим, 15 студент суралган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган окуу жайдын мугалимдери өз студенттерин буйрук жана алдоо жолу менен борбордук аянтка алып келгендиги аныкталган.

Ал мугалимдерге айып коюлуп, тергөө аяктап калды Учурда бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын жоруктар кодексинин 87-1 беренесинин 2-бөлүгүнүн (Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери аяктап калды. Жакынкы күндөрү соттук кароого берилет. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы