Улан Ниязбеков ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча конференциясына катышты

ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын 15-конференциясына катышты

2021-жылдын 5-ноябрында Австрия Республикасынын борбору Вена шаарында өткөн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын 15-конференциясына катышты.


Аталган конференция, дүйнөдөгү улуттук азчылыктардын көйгөйлөрү талкууланып, анда Улан Ниязбеков баяндоо сөзү менен чыгып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы этникалык азчылыктардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана алар менен туруктуу негизде улуттар аралык жаңжалдарга бөгөт коюу иш-аракеттери тууралуу маалымдады.


Мындан тышкары, Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомчулук менен, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жашаган этникалык азчылыктардын өкүлдөрү менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат деп ишендирди.

WhatsApp Image 2021 11 05 at 14.52.56 1 Улан Ниязбеков ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча конференциясына катышты

ИИМдин Басма сөз кызматы