Алгачкы жолу соттук экспертиза маселеси боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

ИИМдин ардагерлеринин демилгеси менен биринчи жолу соттук экспертиза маселеси боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Бүгүн, 2023-жылдын 16-мартында борбор калаадагы мейманканалардын биринде Кыргыз Республикасынын Соттук-эксперттик палатасынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын ардагерлер кеңешинин демилгеси менен биринчи эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Конференциянын темасы: «Заманбап шарттарда соттук экспертизанын теориясынын жана практикасынын актуалдуу маселелери. Мамлекеттик эмес (көз карандысыз) соттук-медициналык экспертиза сот адилеттигинин альтернативдүү куралы”.

Аталган конференцияга Жогорку Кеңештин, Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү жана Евразия мейкиндигинин өлкөлөрүнүн академиялык жана илимий чөйрөсүнүн, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук экспертиза уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Конференциянын жүрүшүндө соттук экспертизанын азыркы абалы жана аны андан ары өнүктүрүү, сот өндүрүшүндө соттук экспертизанын ролу, Евразия мейкиндигинин өлкөлөрүнүн соттук экспертиза институттары менен интеграциялык процесстерди өркүндөтүү, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардын азыркы абалы, көз карандысыз экспертиза түшүнүгү, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардагы соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн сапатынын көйгөйлөрү, Заманбап эксперттик технологияларды өнүктүрүү жолдору, соттук экспертизаларды дайындоодо жана өткөрүүдө, мамлекеттик эмес эксперттик кадрларды даярдоодо соттун, сот процессинин катышуучуларынын жана мамлекеттик эмес эксперттик уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнүн процесстик-укуктук жана уюштуруу маселелери сыяктуу көйгөйлөр талкууга алынды.

Ошондой эле, конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюцияга кол коюу пландаштырылууда, ал соттук-эксперттик ишмердүүлүк системасын өркүндөтүү, көз карандысыз экспертизанын потенциалын өнүктүрүү жана чыңдоо, Евразиялык мейкиндиктин алкагында интеграциялык процесстерди өркүндөтүү, ошондой эле сот адилеттиги системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү чаралар боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, сот адилеттиги органдарына, Кыргыз Республикасынын жана Евразия мейкиндигинин өлкөлөрүнүн илимий чөйрөсүнө сунуштамалардын негизин түзөт.

WhatsApp Image 2023 03 16 at 13.30.13 Алгачкы жолу соттук экспертиза маселеси боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Белгилей кетсек, аталган конференция 2023-жылдын 16 –мартынан 17-мартына чейин эки күн өткөрүлөт.