КМТУнун айрым студенттери Акаевдин лекция окушуна каршы чыгышты

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин айрым студенттери мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окушуна каршы болушту. Бул тууралуу билдирүү социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда студенттер аталган окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаевге кайрылуу жолдошкон.

2005-жылдагы «Жоогазын революциясынан» кийин Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаева Бишкекке келген. Мурдагы президент жогорку окуу жайларда лекция окуй турганы белгилүү болгон.

Тиешелүү мамлекеттик органдар азырынча комментарий бере элек.

6ce70833 803b 4ba9 93a7 0e33b1210062 КМТУнун айрым студенттери Акаевдин лекция окушуна каршы чыгышты
6f7fd641 1220 4879 b3ec 321467e43a42 КМТУнун айрым студенттери Акаевдин лекция окушуна каршы чыгышты