«Азаттык Медиа» Бишкек шаардык сотуна арыз жазат

«Азаттык Медиа» мекемесинин адвокаттарынын бири Тимур Султанов Ленин райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берилерин билдирди. Ал соңку жараянда судья келтирилген жүйөлөрдү, негиздерди эске албаганын айтты.

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесине каршы арызын канааттандырды. 27-апрелдеги сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышты.

26-апрелдеги отурумда “Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон видеоматериал боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис анын алдына коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирген. Лингвист эксперт Жийде Семенова ал суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айткан. Адвокат Тимур Султанов буга байланыштуу доогер тараптын “Азаттыкка” каршы арызын четке кагууга чакырган.