Миллер: “Азаттыкты” жабуу Садыр Жапаровдун сөз эркиндиги боюнча мурдагы убадасына доо кетирет

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэттью Миллер райондук соттун “Азаттыкты” жабуу чечимине реакция жасады.

“АКШ Кыргызстандын сотунун “Азаттыкты” жабуу боюнча чечими тууралуу маалыматка тынчсызданууда. Бул маалымат эркиндигин ого бетер чектеп жатат. “Азаттык” 25 жылдан бери ишенимдүү маалымат булагы болуп келген.

“Азаттыкты” жабуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз эркиндиги жана сөз эркиндиги боюнча мурдагы убадасына доо кетирет. Биз “Азаттыктын” ар бир кайрылуусун адилет жана кылдат соттук кароого чакырабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык медиасынын” жабылышы боюнча доосун канааттандырган.

Миллер: “Азаттыкты” жабуу Садыр Жапаровдун сөз эркиндиги боюнча мурдагы убадасына доо кетирет