Жарандар тиркеме аркылуу коомдук транспортту көзөмөлдөй алышат

Мындан ары Бишкек шаарында жашагандар «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин «Автобус» бөлүмүнөн автобустардын кыймылын көзөмөлдөй алат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эми тиркемеден мурда бар болгон автобустардан тышкары № 2, 9, 10, 11, 12, 17, 21, 34, 41, 46, 360 коомдук транспорттун жүрүүсү боюнча кошумча маалымат алууга болот.

Кошумча функцияны колдонуу үчүн тиркемени жаңыртуу же жаңы колдонуучу болсоңуз төмөнкү шилтемелерден жүктөп алуу керек: Play Market: play.google.com, App Store iOS: apps.apple.com

Мобилдик тиркемеден тышкары, Бишкек мэриясынын порталынан шилтеме боюнча коомдук транспорттун жүргөн жерин байкоого болот.