
Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан жаранды бычак менен сайып, ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 4-ноябрда болжол менен саат 02:50 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Черепки-2 көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен күйөөмдү бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1998-жылы туулган Т.Г. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 03:00 чамасында арыз ээсинин жолдошу чала тааныш жаран менен уруша кетип, жолдошун курсакка бычак менен сайып, андан ары качканга аракет кылган.
Кызматкерлер чакыруу менен келген ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1990-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергеө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.