Жыл башынан тартып жол эрежелерин одоно бузган 4402 эреже бузуучулар аныкталды

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын январь айдын 6-күнүнөн 12-күнүнө чейин Бишкек шаарынын айланасында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузган 4402 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:

  • 39 Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
  • 15 Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүү;
  • 39 транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоочу документи жок башкаруусу;
  • 99 Жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
  • 679 Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
  • 3035 башка бузуулар;
  • 496 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.
    Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды.
  • Сак жана боорукер болуңуз.