Бишкекте 1-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкекте 2023-жылдын 1-апрелине чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды.

Мындан улам Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Жогорку Кеңештин имараттарынын жана ага чектеш сейил бактын жанында, президенттин иш башкармалыгы, Жогорку Сот, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, УКМКнын имаратынын алдында мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды кошпогондо тынчтык чогулуштарды өткөрүүгө чектөө киргизилет.

Ал эми чогулуш, тынчтык акцияларды Рыскулов менен Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүү мыйзамдуу деп табылды.