Секелектерди зордуктоого шектелген 80 жаштагы карыя камакка алынды

Бир тууган өспүрүмдөрдү зордуктап жүргөн 80 жаштагы карыя Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин милиция 2022-жылдын 19-декабрында Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын балдар иштери боюнча инспектору Токмок шаарынын тургуну 2010-жылы туулган кыздын боюнда бар (8 айлык) фактысы аныкталганын билдирген.

Аталган факт ошол эле күнү райондук милицияда каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Андан кийин 2022-жылдын 20-декабрында Токмок шаарынын тургуну Г.Р. арыз менен кайрылып, анда ал 12 жана 14 жаштагы кыздары менен өзүнүн үйүндө жыныстык катнашта болгон 1942-жылы туулган Д.В.га карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүп эже-сиңдилер 2022-жылдын жаз айынан бери 80 жаштагы карыя Д.В.га үйүн тазалоого жардам берип келишкен. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча бир катар соттук-медициналык экспертизалар дайындалды, тактап айтканда, соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, соттук-психологиялык жана психиатриялык. Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен жана соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде жаран Д.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошентип, 2022-жылдын 31-декабрында Токмок шаардык соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.