Карылар үйүнүн директору жалган маалыматты таратканы үчүн кызматынан бошотулду

Сүлүктүдөгү карылар үйүндөгү абал тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төмөнкүнү билдирет.

Социалдык мекеменин турак жайлары электр энергиясы менен жылытылат. Мончону жылытуу үчүн гана отун керек жана электр жарыгы жок болгон учурда тамак бышыруу үчүн колдонулат.

Сүлүктү шаарынын мэриясы «Кара-Алтын кен» ЖЧКсы менен 18 тонна көмүрдү алып келүү боюнча макулдашууга жетишип, жакынкы аралыкта көмүр таратыла баштайт.

Жалган маалымат тараткандыгы үчүн башкы эсепчи менен карылар үйүнүн директорунун жоопкерчилиги каралып, натыйжада экөө тең ээлеген кызматынан бошотулду.