Президент Европа комиссиясынын вице-президенти менен жолукту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 4-ноябрда “Борбордук Азия – Европа биримдиги” эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис менен жолукту.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Анда мамлекет башчы Европа Биримдиги Кыргызстан үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш экенин, өлкө эгемендик алгандан бери демократия жана рынок реформаларын ырааттуу колдоп келгенин белгиледи.

Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда соода, инвестиция, жашыл экономика, санариптештирүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жогорку мумкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Бишкек шаарында 5-ноябрда «Европа бирлиги – Борбор Азия» биринчи экономикалык форуму өтөт.