Кайгуул кызматкерлери тарабынан жаранды бычак менен сайган адам кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан жаранды бычак менен сайып, ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 4-ноябрда болжол менен саат 02:50 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Черепки-2 көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен күйөөмдү бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1998-жылы туулган Т.Г. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 03:00 чамасында арыз ээсинин жолдошу чала тааныш жаран менен уруша кетип, жолдошун курсакка бычак менен сайып, андан ары качканга аракет кылган.

Кызматкерлер чакыруу менен келген ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1990-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергеө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.