«Мадина» базарында башаламан унаалардын токтоо жайларын иретке келтирүү тапшырмасы берилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Джумагулов, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев, «Мадина» базарынын айланасында башаламан унаалардын токтоо жайларын иретке келтирүү максатында, Бишкекасфальтсервис муниципалдык ишканасынын, Бишкек башкы курулуш архитектурасынын, Бишкек мэриясынын Свердлов акимиятынын, Бишкек жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жана «Мадина» базарынын кызматкерлеринин катышуусунда көчмө коммиссиясынын жыйыны уюштурулду.

Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйында базардын айланасында унаалардын иретсиз токтотууларын иретке келтирүү жана унаа токтотуучу жайлардын сыйымдуулугун көбөйтүүгө болгон талаптар жана сунуштар айтылды.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы тийиштүү муниципалдык кызматтарга тапшырмалар берилип, кыска мөөнөттүн ичинде иретке келтирүү тууралуу тапшырылды.

28123e76 11cf 4b9a a88b 39f3d4b6a225 «Мадина» базарында башаламан унаалардын токтоо жайларын иретке келтирүү тапшырмасы берилди
da76438a f319 4b75 a9ed 53d98ee919f6 «Мадина» базарында башаламан унаалардын токтоо жайларын иретке келтирүү тапшырмасы берилди
0b6d7a04 23e1 4c7f 87b8 8202252aa832 «Мадина» базарында башаламан унаалардын токтоо жайларын иретке келтирүү тапшырмасы берилди