Ош облусунун “Төлөйкөн” ат майданындагы көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

“Учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат. Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасоого байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.
Ал эми ооруканага 7 жаран кайрылган, анын ичинен 1 кызматкер бар”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, 31-август күнү саат 18:50 чамасында көк-бөрү оюнунда Ош облустук тез жардам кызматынын “Форд-Транзит” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезелери талкаландыгы боюнча нөөмөт бөлүгүнө кабар келип, маалыматтык электрондук журналына катталганы кошумчаланды.

Эске салсак, 31-августта президенттин кубогунун финалында “Ынтымак” жана “Достук” командалары оюн талаасына чыгып, “Ынтымак” командасы 2:1 эсебинде жеңип алган. Оюндан соң күйөрмандар нааразы болуп калыска жана жеңүүчү командага желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.