Бишкекте шахмат аллеясы ачылды

Бишкектеги Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде шахмат аллеясы ачылды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Шахмат аллеясында келечекте чоңдор, мектеп окуучулары жана мектеп жашына чейинки балдар арасында шахмат жана тогуз коргоол ойноо боюнча турнирлерди, мастер-класстарды өткөрүү пландалууда.

Иш-чара симфониялык оркестрдин күүлөрү менен коштолуп, ар кандай викториналар, сынактар, интерактивдүү оюндар, шахматтык оюндар уюштурулуп, даамдуу фуршет да болду.

Аллеянын ачылышына Кыргыз шахмат союзунун, Тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, аталган социалдык долбоорду улуттук «Шоро» компаниясы ишке ашырып, мэриянын балансына өткөрүп берген.

whatsapp image 2023 07 21 at 14.22.32 4 Бишкекте шахмат аллеясы ачылды
whatsapp image 2023 07 21 at 14.22.32 3 Бишкекте шахмат аллеясы ачылды
whatsapp image 2023 07 21 at 14.22.32 5 Бишкекте шахмат аллеясы ачылды
Бишкекте шахмат аллеясы ачылды
Бишкекте шахмат аллеясы ачылды
Бишкекте шахмат аллеясы ачылды