Айтматов районунда лагер милициянын көзөмөлүндө

Талас облусунун Айтматов районунда милиция кызматкерлери “Ак-Шумкар” балдар эс алуучу лагеринде кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда.

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Жай мезгили болгон соң, ата-энелер балдарын эс алууга облустун ар кайсы жерлеринде өспүрүмдөр үчүн атайын эс алуучу жайларга жиберүүдө.
Айтматов РИИБдин кызматкерлери “Ак-Шумкар” балдар эс алуучу жайында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу менен чектелбестен, балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору жана аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте, балдардын саламаттыгына, дене-бойлук, интеллектуалдык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү максатында спорттун футбол жана волейбол боюнча оюндарын уюштуруп жатышат.

Ошондой эле балдардын логикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган кроссворд толтуруу, оюн ойнотуп, туура жүрүм-туруму боюнча балдарга лекцияларды окушууда.

b64dec8b 4620 404e 9e5a 2c8112eff756 Айтматов районунда лагер милициянын көзөмөлүндө
5f4da85b 0a7b 4937 8913 c295859fe6bc Айтматов районунда лагер милициянын көзөмөлүндө
93d834de 8427 4ada b86c 6c24a8956c14 Айтматов районунда лагер милициянын көзөмөлүндө
0410cf00 11bd 4a95 b2cb 1a5263d42b25 Айтматов районунда лагер милициянын көзөмөлүндө
06b9d365 2072 42ea a763 a4f429d069be Айтматов районунда лагер милициянын көзөмөлүндө
fa4a1a36 b196 4041 96bb a571bf8a69aa Айтматов районунда лагер милициянын көзөмөлүндө