Кондиционери бар жаңы аялдама ачылгандан бир күндөн кийин жабылды

Абдрахманов көчөсүндөгү кондиционери бар жаңы аялдама ачылгандан бир күндөн кийин жабылып калган. Мунун себебин Биринчи Май районунун акими Максатбек Сазыкулов түшүндүрүп берди.

IMG 20230722 104846 885 Кондиционери бар жаңы аялдама ачылгандан бир күндөн кийин жабылды

Анын айтымында, аялдамага камера орнотулушу керек. «Түндө таштандыга толуп калган. Ошондуктан эртеси камераны орноткончо жаптым», – деди ал.

Эске салсак, жаңы аялдама павильону банктардын биринин колдоосу менен орнотулган. Ал ысык мезгилде кондиционер, кышында жылытуу системасы менен жабдылганын мэрия билдирген.

News 72167243775209396265211825103033785600 Кондиционери бар жаңы аялдама ачылгандан бир күндөн кийин жабылды