Бишкектин Биринчи Май районунун аймагына шахмат аллеясы ачылат

Бишкектин Биринчи Май районунун аймагына шахмат аллея ачылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, аллеянын айланасы көрктөндүрүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарт түзүлөт. Ошондой эле отургучтар жана таштанды челектер коюлат.

Жакынкы убакта аллеянын жайгаша турган жери аныкталып, эс алуу жайдын эскизи даярдалат.