Беш жылдан ашуун мектеп директору болуп иштегендер кызматтан алынат

Кыргызстанда 966 мектеп директору кызматтан алынат — булар бул кызматта беш жылдан ашык иштегендер.

Кечээ президент Садыр Жапаров директорлор сынактын жыйынтыгы менен беш жылга дайындалат деген жарлыкка кол койду. Ушул эле жарлык менен беш жылдан ашык иштеген мектептердин жетекчилери автоматтык түрдө кызматынан бошотулат – алардын саны 966 болгон.

Дагы 1200 директор беш жылдык иштөө мөөнөтүн аяктай элек.