Бишкекте үч маршрутканын каттамы жарым-жартылай өзгөрдү

Бишкекте үч маршрутканын каттамы жарым-жартылай өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маршруткалардын каттамы жол оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу өзгөргөн.

№135 маршрутка оңдоо иштери аяктаганга чейин Ак-Марал, Ак-Таң, Күйүкова, Чортеков жана Жайыл баатыр көчөлөрү аркылуу өтүп турат.

c2569851 ca57 4bed a07d 58aa641338b7 Бишкекте үч маршрутканын каттамы жарым-жартылай өзгөрдү

№106 маршрутка жаңы конуштан кичи райондорду көздөй бара жатканда Жаманбаев көчөсү аркылуу Айтматов көчөсүнө чыгат. Ал эми кичи райондордон жаңы конуштарды көздөй каттаганда мурдагыдай Айни көчөсү менен өтөт.

2c98154c 92ab 4a74 a0c8 200526ac7cfa Бишкекте үч маршрутканын каттамы жарым-жартылай өзгөрдү

№192 маршрутка буга чейин Дордой-2 жаңы конушуна чейин эле жүрсө, эми анын каттамы айланма жол, Ибраимов жана Эмгекчил көчөлөрүнө чейин узарды.