Койчу жайлоого келген адамды кокусунан атып алды

Баткенде кокустан атылган октон улам 37 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-июлда саат 06:20 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.К. денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болуп калгандыгын милицияга билдирген.

«11-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Баткен районунун тургундары 26 жаштагы К.С. менен 37 жаштагы К.К. Геревшин жайлоосуна эс алганы койчу 35 жаштагы У.А.нын үйүнө барышкан. Эртеси күнү 14:30дарда үйдүн ээси ок атуучу куралын октоп жатканда кокусунан атылып кетип, 37 жаштагы К.К.га тийген», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле замат К.С. менен У.А. анын жарааттарын байлап, Курбака участкасындагы аскер кызматкерлерине кайрылышкан. Ал жерде мединциналык жардам көрсөтүлүп, 13-июль күнү саат 03:30дар чамасында Баткен-Исфана унаа жолуна жетип келишкен, ошол учурда К.К. алган жараатынан улам каза болуп калган.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.