Кыргызстандык Ислам Байсынов АКШда ири шахматтык турнирди жеңди

“World Open” деген аталыштагы турнирге кыргызстандык Ислам Байсынов алгачкы жолу катышкан. Аталган масштабдуу турнир АКШнын Филадельфия штатында болуп өттү. Тогуз оюндан жети упай топтогон Байсынов классикалык оюнда биринчи орунду багындырган. Оюндан уткандардын баардыгына акчалай сыйлыктар каралган. Оюн алты саатка созулган. -Бул рекорддук оюн болуп, судьялар бизди карап, күтүп калышты, – дейт ал.

– Мен турнирдин жеңүүчүсү болдум, бул сынакка 1000 адам 60 өлкөдөн келип катышты, – дейт Байсынов.

– Мен дагы башка биздин эки жердешибиз катышкан. Бул 16 жашка чейинкилер арасында (Турция-2018) Өмүрбек Керимкулов жана өспүрүмдөр арасында бронза чемпиону (Румыния, Яссы-2017) Султай Чыңгыз деген жигит катышты.

Мени кубантканы тур аягына чыга электе эле турнирдин жеңүүчүсү болдум.

Филадельфиядагы кыргыз диаспорасына ыраазычылык айткым келет, алар бизди жылуу кабыл алышты.

Гроссмейстерлер Джефри Шонг жана Эндрю Танг (пингвин) менен баарлашканымда, алар мага эң унутулгус учурларды тартуулашты, – дейт сүйүнүчү койнуна батпай Ислам Байсынов.

  • 7-июлда Мексикандык шахмат федерациясынын чакыруусу менен мен Мексикага барам, ал жакта штат Идальго Пачуко-де-Сото-метцетлан шаарында ачык турнир өткөрүлөт.
  • Турнирден уткан акчамдын жарымын продукты жагынан кыйналып жаткан жыйырма үй-бүлөгө жардам бермекчимин, – деп билдирди Байсынов.

АКШда журналист Семетей Аманбеков Ислам Байсыновдон эксклюзивдүү маек алды.

YouTube video