Аламүдүн районунда авто унаалардан баалуу буюмдары уурдап жүргөн жаран кармалды


Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан авто унааларды ачып ичиндеги буюмдарды уурдоого шектүү жаран кармалган.


2022-жылдын 25-июнунда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө унаасынын айнегин сындырып, 18 000 сом акча каражатын жана алтын буюмдарн уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен О.С. аттуу жаран
кайрылган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Издөө иш чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1989-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда ушул сыяктуу дагы 3 фактыга тиешеси
бар экени аныкталып автоунаалардын ичинен капчыктарды жана башка баалуу буюмдарды уурдап жүргөнү белгилүү болгон.
Учурда шектүү Аламүдүн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.