Ала-Букада 5 жашар кызга ыдык көрсөткөн шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 5 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн шектүү кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-июлда Ала-Бука райондук милициясына беш жашар кызына сексуалдык ыдык көрсөтүлгөнүн айтып, 32 жаштагы жаран кайрылган. Ал бир күн мурун саат 16:00 чамасында азиат улутундагы 35-40 жаштардагы киши кызына дүкөндөн таттуу сатып берип, андан ары бакка ээрчитип барып сексуалдык ыдык көрсөткөнүн билдирген.

Бул арыз райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 158-беренеси («Ыплас аракеттер») менен кылмыш иши козголгон. Окуя болгон жерде кароо жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чаралардын натыйжасында, Ала-Бука районунун 40 жаштагы тургуну К.Н. кармалып, суракка алынган. Шектүү Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.