Президент бир катар судьяларды дайындады

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровго Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 14 талапкер, ошондой эле бош судьялык кызмат орунга 1 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен мамлекет башчы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 15 талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болду.

Аларды дайындоо жөнүндө жарлыктар кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

— Жалал-Абад облусу:

Ноокен райондук сотуна Тарасбек Осмонов,

Базар-Коргон райондук сотуна Жыпар Каримова,

Ала-Бука райондук сотуна Камбарбек Бейшеев,

Токтогул райондук сотуна Аида Бегимбаева, Назира Солпуева,

Майлуу-Суу шаардык сотуна Муратали Турмаматов,

Таш-Көмүр шаардык сотуна Куралбек Бектемиров,

— Ош облусу:

Ош облустук сотуна Келдибек Исажанов,

Ош облусунун Административдик сотуна Жаныл Жаныбекова,

Чон-Алай райондук сотуна Рахманаали Абдрахманов,

— Нарын облусу:

Нарын облустук сотуна Азамат Койломбаев,

–Жумгал райондук сотуна Бакытбек Нурбаев,

— Ысык-Көл облусу:

Ак-Суу райондук сотуна Айбек Бекбулатов,

— Бишкек шаары

Биринчи Май райондук сотуна Жамиля Акылбекова, Азирет Медеров.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.