Дача СУга чогулган каражаттын айрым бөлүгү бюджетке жана Социалдык фондго өткөрүлгөн, – Алимова

14-июнда Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Комиссиянын мүчөсү, журналист Дилбар Алимова элден чогулган акчанын айрым бөлүгү бюджетке жана Социалдык фондго өткөрүлгөнүн кабарлады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Элден чогулган акчанын 30 283 620 сомун бюджетке, 390 455 сомун Соц.фондго өткөрүп берип салышкан. «Эмне үчүн?» деген суроону бердим, анткени биздин жарандар бюджетти колдойбуз деп акча салышкан эмес да? Ал кездеги комиссиянын чечими болгон деген жоопту берип жатышат”, — деп жазды Алимова.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2017-жылдын 16-январында болгон Дача-СУдагы авиакырсыкты иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүү боюнча жарлык чыгарган. Анын катарына иликтөөчү журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, айрым жигердүү жарандар кошулган. Жапаров мындай чечимге келишине Дача СУдагы кырсыкты иликтөөнүн жай жүрүшү күмөн саноолорду, тергөөчүлөр көп нерсени жашырып жаткан сыяктуу шектенүүлөрдү пайда кылганы себеп болгонун жазган.