Дача СУдагы учактын эмне себептен кулаганы белгилүү болду

 Дача СУ айылына Boeing-747 учагынын кулагандыгына экипаж тараптан учактын жайгашуу абалына көзөмөлдүн жоктугу себеп болгон. Мындай билдирүүнү кырсыкты иликтеген комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов айтты.

Белгилей кетсек, комиссия чыгарган корутундусу боюнча бүгүн парламентке маалымат берген.

“Boeing-747-412F ТС-MCL учагынын кулагандыгына экипаж тараптан учактын жайгашуу абалына көзөмөлдүн жоктугу себеп болгон. САТ II ИКАО стандарттарына ылайык көзөмөлдөнбөй калган, башкача айтканда, эреже сакталган эмес. Экинчи айлампа жасаганга даяр эмес болуп, белгиленген схемадан четтеп, натыйжада учуп-конуу тилкесинен 930 метрге чыгып кеткен”, — деп айтылат комиссиянын корутундусунда.

Эскерте кетсек, Дача СУ каргашасы 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Анын кесепетинен айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.