Бишкекте майыптыгы барлар иштей турган социалдык дүкөн ачылды

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштей турган алгачкы “Манас айылы” социалдык дүкөнү ачылды. Бул тууралуу 30-ноябрда Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Манас” дүкөнү “Социалдык айылы” коомдук бирикмеси тарабынан ачылып, шаардын борборунда Турусбеков көчөсү 52 дарегинде жайгашкан.

Дүкөндө нан азыктары, сүт азыктары, ошондой эле кийизден, жүндөн жасалган буюмдар, себеттер сатылат. Товарларды чыгарууга жана даярдоого 16 жашка толгон 24 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катышууда. Бардык катышуучулар чебер кол өнөрчүлөрдөн, ошондой эле кондитерлерден атайын окуудан өтүштү.

Социалдык дүкөн ачууда немис кайрымдуулук уюмдары чоң жардам көрсөтүшкөн. Социалдык дүкөндүн азыктарын сатып алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот: 0501 55 18 10, 0550 10 42 43.