ИИМ: Базар-Коргон районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда социалдык-экономикалык маселелер айтылды

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министринин орун басары Адыл Бийбосунов Базар-Коргон районунун эли менен жолугушууда. Жолугушууга Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү тургундардан 400дөй адам катышууда. Аталган жолугушууга Базар-Коргон районунун акими Джанысак Сатыбалдиев да катышууда.

WhatsApp Image 2022 07 14 at 15.56.20 1 ИИМ: Базар-Коргон районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда социалдык-экономикалык маселелер айтылды
WhatsApp Image 2022 07 14 at 15.56.19 1 1 ИИМ: Базар-Коргон районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда социалдык-экономикалык маселелер айтылды
WhatsApp Image 2022 07 14 at 15.56.19 ИИМ: Базар-Коргон районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда социалдык-экономикалык маселелер айтылды
293863584 353394203646305 3792714203286457685 n 1536x1024 2 ИИМ: Базар-Коргон районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда социалдык-экономикалык маселелер айтылды
WhatsApp Image 2022 07 14 at 15.56.18 1 ИИМ: Базар-Коргон районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда социалдык-экономикалык маселелер айтылды


Бүгүн, Базар-Коргон районундагы жолугушууда негизинен социалдык маселелер көтөрүлдү. Алсак, калкты тейлөө борборунун жетекчилигине нааразычылыктар айтылып, айрым бир айыл өкмөттөр иштебей жатканы, айыл-чарба өнүкпөй калганы, дыйканчылыктан да артта калып, реформа жүрбөй жатканын билдиришти. Таза суу тартыш болуп, дыйкандар кыйналып жатканы, мектептерди, бала бакчаларды куруу керектиги айтылып, жол көйгөйү, жер, жайыт маселелери көтөрүлүп, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү тургундардын жашоо тиричилигине байланыштуу болду.

Бардык суроолор дыкаат иликтенип, текшерилип мүмкүнчүлүктөргө жараша жарандардын берген суроолорун жана өтүнүчтөрүн чечүү керектиги да белгиленди.
Негизинен алганда Базар-Коргон районундагы жолугушуу элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан угуп билип жана аны чечүүгө багытталгандыгын белгилейбиз.

WhatsApp Image 2022 07 14 at 10.25.22 2 ИИМ: Базар-Коргон районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда социалдык-экономикалык маселелер айтылды

ИИМдин Басма сөз кызматы