7 миллион 560 миң сомго бааланган психотроптук заттар менен 31 жаштагы жаран кармалды

ИИМ: 7 миллион 560 миң сомго бааланган психотроптук заттар менен 31 жаштагы жаран кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери синтетикалык баңгизаттардын таралышын жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, ири психотроптук заттарды көмүскө жерге жашырып кетип жүргөн жаранды кармашты.

WhatsApp Image 2022 07 14 at 14.58.30 2 7 миллион 560 миң сомго бааланган психотроптук заттар менен 31 жаштагы жаран кармалды


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери 2022-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарынын аймагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө ири өлчөмдө психотроптук заттарды көмүскө жерге жашырып кетип жүргөн 1991-жылы туулган К.А.Ю. кармалган. Шектүүдөн таңгактоо үчүн каражаттар (зип-пакеттер), тараза, жашырып орнотуу үчүн буюмдар, ошондой эле “Альфа PVP” психотроптук зат салынган бөтөлкө табылып алынган.

WhatsApp Image 2022 07 14 at 14.58.31 7 миллион 560 миң сомго бааланган психотроптук заттар менен 31 жаштагы жаран кармалды


Кармалган жаран К.А.Ю. буга чейин психотроптук затты кайдан алып жүргөн жерин көрсөтүп, ошондой эле баңгизаттарды көмүскө жерге жашырып кетип жүргөндүгүн түшүндүргөн. Ал белгисиз адам (куратор) менен алдын ала байланышып, баңгизаттарды катылган жерлерден алып, андан кийин алынган заттарды сатуу максатында таңгактап, жашыруун сактоочу жерлерге жашыргандыгын айтып берген.


Мындан тышкары, Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө К.А.Ю. аттуу жаранга таандык болгон уюлдук телефондо көрсөтүлгөн аймакта ИИМдин Кинологиялык борборунун кызматтык издөө итинин катышуусу менен жерге көмүлгөн “Альфа PVP” психотроптук зат салынган көлөмү 0,5 болгон 5 даана бөтөлкөлөр табылган.
Алынган заттын жалпы салмагы 1 кг. 800 граммды түзүп, жалпы суммасы 7 миллион 560 миң сомго бааланган.
Кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.