Лейлекте милициянын үйүнөн Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны табылды

Баткен облусунун Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилеринин биринин үйүнөн Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны табылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Лейлек райондук ИИБ жетекчилеринин бири У.Ж.Н. үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

«Өз кезегинде кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгүн билип, кылмыш иштерин токтотуунун ордуна У.Ж.Н. аларга жашоосу жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн шарттарды түзгөн»,-деп жазылат маалыматта.