
Коргоо министрлиги жоокерлерге бийик кончтуу бут кийим сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, министрлик 3 миң 130 жуп бут кийимди 9 млн 390 миң сомго сатып алууну пландап жатат.
Тендер боюнча арыздар 6-июлга чейин кабыл алынат.
Бут кийим булгаарыдан кара түстө болушу керек.