
Президент Садыр Жапаров «2026—2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыктын максаты — шахматты калк арасында кеңири жайылтуу үчүн шарттарды түзүү жана шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын калыптандыруу болуп саналат.
Буга байланыштуу өлкөдөгү 500 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 3—5-класстардын окуучулары үчүн кошумча шахмат ийримдери түзүлүп, «Мектептердеги шахмат» долбоору пилоттук режимде киргизилет.
Ошондой эле «Жылдын мыкты шахматчысы», «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» деген президенттин атайын сыйлыктары уюштурулат.






