Ош шаарында эки көчө бир жумага жабылат. Себеби

Ошто 4-июндан 11-июнга чейин Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрүндө унаа кыймылы чектелет. Чектөөлөр жаңы жолдун курулушуна байланыштуу экенин шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Рахманов көчөсүндө узундугу 1,2 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү автожолдун курулушу жүрүп жатат.

Жумуштардын аткарылышына байланыштуу аталган тилкелерде унаа кыймылы бир жума бою чектелет.

Шаар бийлиги тургундарды жана айдоочуларды тыгындарды болтурбоо үчүн каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду колдонууга чакырды.